• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаан жаап, кар түшөт. Бир жумага карата аба ырайы

9 Аяк оона 2019 9:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидрометтин божомолу боюнча 9-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Ал эми күндүз жана 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

11-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ал эми 13-14-сентябрда тоолуу райондордо бир аз жаан-чачын болуп, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Количество просмотров: 1899