• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жайлоодо малчы болуп иштеп жүрүшкөн. Чүйдө аялынын өлүмүнө шектелип жолдошу кармалды

2 Теке 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

 Чүй районунда жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Чүй районундагы жайлоолордун биринде бир аял ок атуучу курал менен өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Чүй РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, маркум 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин
130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш
иштери башталган.

Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип
каза болгон аялдын жарандык никедеги жолдошу — 1976-жылы туулган Т.О.
кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жубайлар жайлоодо малчы болуп иштеп жүрүшкөн. Окуя мас абалында күйөөсү менен аялы уруша кеткенден улам келип чыккан. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 4578