• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жактоочу Кайрат Загибаев пневмониядан каза болду

3 Теке 2020 9:36 Бишкек Govori.TV

Жактоочу Кайрат Загибаев көз жумду. Бул тууралуу жактоочу Канат Хасанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Загибаев пневмония менен ооруп жаткан.

Кайрат Загибаев коомчулукта чуу жараткан кылмыш иштеринде жактоочу катары иштеп келген. Соңку учурда Кой-Таш окуясында окко учкан УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн начальнигинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө жактоочу болуп иш алып барган.

Количество просмотров: 114