• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жалал-Абад — Бишкек авиа каттамдары убактылуу токтотулду

28 Баш оона 2018 18:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.08.2018.Govori.TV.
Ушул жумадан тартып Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек багытындагы каттамдар эки жумага чейин токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад аэропортунун жетекчилиги билдирди.
Жетекчилик каттамдардын токтотулушун айрым авиа компаниялардын иши менен байланыштырды. Бирок так себебин айткан жок. Ал эми Жалал-Абад — Бишкек — Жалал-Абад багытындагы каттамды тейлеген “Тез жет” компаниясы учактардын тартыштыгынан улам каттамдардын графиги өзгөрүп, аларды убактылуу токтотуп турууга аргасыз болгонун билдирди.
Учурда учакка билет алгандардын акчасы кайтарылып, айрымдары Ош аэропорту аркылуу учууга мажбур болуп жатышат. Жекшемби күнү гана бир жолу авиа каттам жүргүзүлүп турат.
Количество просмотров: 19