Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:23тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Булак, Каду, Ак-Тоок айылдарында 3 балл, Кара-Алма айылында жана Көк-Жаңгак шаарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.