• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жалал-Абад шаарында депутаттын агасын атып кетишти

27 Бугу 202013:49 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Сапар Акановду атып кетишти. Бул тууралуу Облустук ишки иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 27-майга караган түнү Спутник кичи шаарчасында катталып, Акановду 20-25 жаштардагы эки киши травматикалык тапанча менен атып, качып кеткен. Учурда ал облустук клиникалык ооруканада жатат. 

«Кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, аталган факт боюнча 266-берене («Ээнбаштык») менен сотко чейинки тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сапар Аканов — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы.

Количество просмотров: 314