Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 20 жаштагы тургуну милицияга кайрылып аны үч киши «зордуктап жүргөнүн» билдирген. Бул тууралуу аталган облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январь күнү Чаткал РИИБне 20 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, 2011-жылдын жай айынан баштап 2012-жылдын кыш айына чейин бир тууган 2 бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир бала күч колдонуп зордуктап келгендигин, аталган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.
Аталган факты Чаткал РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 162-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.