Жалал-Абад милициясы ижарага алган унааны сатып жиберген жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун тургуну М.А. арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 15-декабрь күнү Х.Э. аттуу жаранга ооз эки келишимдин негизинде «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү автоунаасын такси кызматына пайдалануу үчүн ижарага бергендигин, ижарага алган жаран автоунааны сатып жибергендигин билдирген.
Натыйжада жабырлануучуга 165 000 сомдук материалдык чыгым келтирилген.
Бул факты боюнча Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун тургуну Х.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.