• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталды

29 Кулжа 2023 11:18 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан имамдары жергиликтүү тургундар тарабынан өзүм билемдик менен дайындалып, ошол эле учурда тиешелүү теологиялык билими жок, өз ишмердүүлүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын макулдугусуз жүргүзгөн мыйзамсыз мечиттерде экстремисттик идеологияны пропагандалоону аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Мечиттердин курулушун координациялоонун жана аларды каттоонун бирдиктүү эрежелерин текшерүү максатында Жалал-Абад облусунун аймагындагы мечиттерди текшерүүнү уюштуруу боюнча УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ички иштер башкармалыгынын, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана КМДБнын кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүү демилгеленген.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө КМДБнын жана ДИМКнын каттоосунан өтпөгөн 60 мечит аныкталган. Райондор жана шаарлар боюнча: Сузак — 33, Базар-Коргон — 2, Ноокен — 5, Аксы — 3, Чаткал — 5, Токтогул — 1, Тогуз-Торо — 7, Жалал-Абад — 3, Майлуу-Суу — 1.

Атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгында 11 мечит КМДБдан жана ДИМКдан каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерин даярдады. «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке аларды КМДБ жана ДИМК каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди.

Белгилей кетсек, мыйзамсыз иштеп жаткан мечиттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын, КМДБнын макулдугусуз өз алдынча, «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» 2008-жылдын 31-декабрындагы № 282 мыйзамынын 10-берененин 1-бөлүгүн («Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилген каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып диний иш жүргүзүү укугуна ээ болот») бузуу менен курулган.

Атайын комиссиянын чечимине ылайык, мындан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, архитектуранын, КМДБнын жана ДИМКнын тиешелүү органдары жаңы мечиттердин курулушун жана алардын мындан аркы каттоосун көзөмөлгө алышат.

Количество просмотров: 61