• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Жалдагы мушташты жаап-жашырууга аракет кылган милициялар үй камагына чыгышты

9 Аяк оона 201915:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Жал кичирайонундагы мушташты жаап-жашырууга аракет кылган милицияларды үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ сот 2 шектүүнүн кызмат абалынан пайдаланган санкциясын карап чыккан.

Эске салсак, 28-августта Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» супер маркетинин жанында мушташ болуп, 2 жаран катуу сабалган. Анын бири комадан чыкты, экинчисине операция жасалды. Кийин шектүүлөр издөөгө алынып, алар милицияга өздөрү келишкен. Шектүүлөрдү кое берип жиберген кызматкерлерге кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 202