Нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдан улам 22-март күнү, саат 10:00 чамасында Бишкек шаарынын үйлөрдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндөгү 2 турак үйдүн короосун, 1 турак үйдүн жер төлөөсүн жана короосун суу каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери 1 мотопомпа, Свердлов муниципалдык администрациясынын жетекчилиги тарабынан 5 кызматкер, «Бишкек жашыл чарба» ишканасынан 6 кызматкер жана 1 Хово тартылып, Ибраимова көчөсүндөгү турак үйлөрдүн короосуна кирген суулар сордурулуп, көчө тазаланууда.
Кошумча маалымат берилет.