• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖАМК жүздөн ашык кызматкерине үй берди

11 Баш оона 2018 10:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.08.2018.Govori.TV.
Бишкекте 81 батирлуу турак-жай ЖАМК 100дөн ашык кызматкерине берилет. Мындай убаданы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында Кыргыз мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын 15 жылдыгына арналган маарекеде берди.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматкерлерине Бишкек шаарында атайын 81 батирлуу  уй салынган. Уй кызматкерлерге жакынкы арада тапшырылат. Нарында 24 квартиралуу үй ЖАМКда эмгеги синген кызматчыларга берилди. Арасында кызмат учурунда каза тапкан кызматкерлердин үй бүлөөлөрү да бар.
Салтанаттуу азем аяктаган соң, мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ардагерлерине Бишкек шаарындагы Медерова көчөсүндө салынган көп кабаттуу үйдүн, батирлеринин ачкычтары тапшырылды.
Андан соң өлкөнүн президентинин атынан куттуктоо айтып, ардагерлерди жаңы коңушу менен куттуктап 100 миң сом балдар аянтчасын куруу учун берди.
Мындан сырткары айлык маянаны көтөрүүгө дагы Кыргыз өкмөтүнүн атынан премьер-министр убада берди
М. Абылгазиев куттуктоо сөз сүйлөгөн соң, бир катар кызматкерлерди өзүнүн аты жазылган кол сааты менен сыйлады.
Количество просмотров: 30