• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Жанар Акаев: Фарид Ниязовдун баягы таасири жок

27 Бирдин айы 2018 14:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.02.2018.Govori.TV
Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун отставкага кетүү ниетине комментарий берди.
«Менин билишимче Фарид Ниязовдун мурдагы президенттин учурундагыдай таасири аппаратта жок. Ага караганда президенттин кеңешчилери таасирдүү. Фарид Ниязов жаңы командада орун табуу татаал экендигин жана аны эч ким сүйүп атпаганын түшүндү, андыктан ал үчүн кеткени оң»,-деген Акаев Азаттыкка.
Депутат ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков Ниязовдун отставкасын кабыл албай коюу себебин айткан.
«Президент отставканы кабыл алмак, башка кызматка которулду деп. Балким, ал мурдагы президент менен мамилесин бузчу күчтөрдүн алдын алып жатат»,-деди депутат.
Мурда белгилүү болгондой Фарид Ниязов отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, аны президент кабыл албай койгон.
Количество просмотров: 28