• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жанар Акаев: Саламаттык сактоо министринин ар бир сөзү калп экен

21 Чын куран 2021 15:54 Бишкек Govori.TV

Уу коргошундун айынан адам өмүрү кыйылса, министр керт башы менен жооп бериши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо министринин ар бир сөзү калп.

«Кыргызстанда медицина деген бар, биз дарыгерлерге ишенишибиз керек. Илимий жактан изилденип, далилденген дары-дармектерди ичишибиз зарыл. Дарылар каттоодон өтүп, зыяны жок деген чечимдер керек. Алар табыптардай эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, сунуштап жатышканы коомго чоң коркунуч. Мисалы, көпчүлүгү ууланып калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө 3-4 адам ууланып ооруканага түшкөнү кабарланды. Уу коргошундун айынан адам өмүрү кыйылса, министр керт башы менен жооп бериши керек. Министрдин ар бир сөзү калп экен. Мадагаскардын президенти дагы уу чөптөрдү ичип айыкты деп жатат. Ошол эле Франциянын президенти кантип уу коргошун ичсин? Мунун баары калп. Ошондуктан Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу сунушун өкмөткө жолдодук. Министр мамлекет башчыга таянган кадр экен»,-деди Акаев.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын билдирген. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичкенге болбой турганын эскерткен.

Количество просмотров: 341