• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жаракат алган Тилек Токтогазиевдин абалы айтылды

10 Тогуздун айы 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте митинг учурунда чыккан кагылышууда башынан жараат алган саясий активист Тилек Токтогазиевдин абалы туруктуу. Бул тууралуу 10-октябрда Элвира Сурабалдиева билдирди.

Сурабалдиеванын айтымында, Токтогазиевдин абалы канааттандырарлык, учурда өзүнө келди.

«Токтогазиев жаткан ооруканага санаалаштары барып жолукту, активист өзүнө келгенин айтып беришти»,-деп билдирди Сурабалдиева.

Эске салсак, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов жана бир катар саясатчылар, алардын арасында Токтогазиев катышкан тынч митинг өтүп жатканда чагым жасалып, башаламандык пайда болгон. Кийин интернеттеги социалдык түйүндөрдө Токтогазиевди эс учун жоготкон абалда бир топ адам көтөрүп баратышканы тартылган видео тараган болчу.

Количество просмотров: 21092