• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жарандык активист кыргыз тилин коргоп митингге чыкты

14 Баш оона 2018 11:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.08.2018.Govori.TV.
Ак үйдүн алдында жарандык активист жана укук коргоочу катары белгилүү болгон Өндүрүш Токтонасыров «Кыргыз тили футболдук топ эмес! Кордобогула!», — деген аталыштагы нааразычылык акциясын өткөрүп жатат.
«Журналист кызыбызга ар кандай жоболорду айтып, шаар аралык сотко кайрыл деп. Ал кайрылат. Бирок сот убагында эле чечип коюш керек болчу. 2017-жылы 13-июнда чыккан жарандык процесуалдык кодексте шайлоого байланышкан маселелерди райондук соттор эмес шаар аралык соттор карайт деп чечим чыгарган ошол жака барыңыз деп, Кыргызстандын жаранын тияка — бияка тепкилебей эле ошол жерден эле жыйынтык чыгарып берип койсо болмок, футбол уюштуруп журналистти убара кылбай»,- деп нааразы активист.

Эскерте кетсек, Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алуудан Биринчи май райондук соту баш тартты. Бул тууралуу журналист өзү кабарлады.
Анын айтымында, аталган райондук соттун судьясы Алмаз Калдыбаев быйыл 1-июлда күчүнө кирген Жарандык кодекстин жаңы редакциясын негиз катары карап, арызды кабыл алганга болбой турганын билдирген.
Канышай Мамыркулова өз арызында Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн.
Бул кырдаалга жооптуу катары Мамыркулова өкмөттү, Мамлекеттик тил комиссиясын, БШКны, «Кыргызтест» мекемесинин жоопкерчилигин кароону жана мэрге талапкердин тил сынагынын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөн болчу.
Количество просмотров: 26