• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жарык өчкөн. Кислород аппаратына туташылган бейтаптын каза болгону айтылууда

1 Тогуздун айы 2021 14:46 Бишкек Govori.TV

Кислород аппаратына туташтырылган бейтап генератор иштебей калганда аба жетпей каза болгонун Асел аттуу интернет колдонуучу «Twitter» баракчасына жазды.

«Апама кесиптеши (аял киши) каза болгонун айтышты. Ал (маркум) кислород аппаратына туташтырылган болчу. Электр жарыгы өчкөндө генератор иштебей, аба жетпей калган», — деп жазган ал.

Маалыматты тактоо иретинде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине байланышканыбызда окуя кайсы ооруканада болгону тууралуу так маалымат жок болуп жатканын айтты.

Ал эми Улуттук энергетикалык холдинг биринчи категориядагы бардык объекттерде электр жарыгы өчүрүлбөй турганын белгиледи.

«Ооруканалар жана дары-дармектер сакталган имараттарга электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Авариялык учурда кошумча булактар болот»,-деп билдиришти мекемеден.

Количество просмотров: 1579