• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жасалма шенген визасын даярдоо, сатуу менен алектенген шектүү кармалды

18 Аяк оона 2023 16:03 Бишкек Govori.TV

Жасалма шенген визасын даярдоо жана сатуу менен алектенген чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Пакистандын М.Р. жана А.В. аттуу жарандары ири суммадагы акчалай сыйлык алуу үчүн, Пакистандан келген туристтерге Италиянын жасалма шенген визаларын туруктуу сатуу каналын уюштуруп, Казакстан, Россия жана Беларусь аймактары аркылуу Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү пландаштырышкандыгы аныкталды.

Аталган жарандар кармалып жана УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Аларга карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 117