• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жасалма ветеринардык дарыларды жашыруун өндүрүп саткандар кармалды

17 Жалган куран 2023 17:21 Бишкек Govori.TV

Жасалма ветеринардык дары-дармектерди жашыруун өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, республиканын аймагында бодо малды, жандыктарды жана жылкыларды дегельминтизациялоо үчүн (паразиттерге каршы дарылоо) каттоодон өтпөгөн жана тийиштүү түрдө катталбаган ветеринардык дары-дармектерди узак убакыт бою мыйзамсыз даярдоо жана сатуу менен алектенген адамдардын тобу аныкталды. Жогоруда аталган өндүрүш техникалык стандарттарды жана шарттарды сактабастан, боёкторду жана жыпар жыттуу заттарды кошуу жолу менен жасалып, тийиштүү сертификаты жана башка уруксаат кагаздары жок ветеринардык дарыкана аркылуу сатылган.

«Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, бул препараттар ветеринардык-санитардык нормаларга, микробиологиялык жана химия-токсикологиялык коопсуздукка жооп бербейт жана сапатсыз деп табылды. Бул дары-дармектерди пайдалануу малдын массалык чыгашага учурашына алып келип, республикадагы эпизоотиялык абалга терс таасирин тийгизет. Козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ветеринардык препараттарды чыгаруучу цехтер, кампалар жана ветеринардык дарыканалар аныкталып, алардан 300 кутудан ашык сапатсыз ветеринардык дары-дармектер, ошондой эле аларды даярдоо учун колдонулган чийки заттар жана материалдар алынды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө тарабынан дары-дармектердин базар баасы, ошондой эле бул адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү жана бул ишке тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Теги:
Количество просмотров: 119