• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Жаш кыздын жансыз денеси табылды

5 Теке 201812:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек 05.06.18  Govori.tv

Баткен облусунун Кадамжай районунда сууга чөгүп кеткен кыздын денсин табуу үчүн Ош шаарынан суучулдар отряды чакырылды.

4-июль күнү  саат 20-00 дө сууга чөгүп кеткен кыздын денесин издөо иштери жыйынтык бербей жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаарынан чыккан суучулдар саат 22-00дө Баткенге жетишкен. Дароо издөо иштерине киришкен суучулдар 20 мүнөттө кыздын денесин таап чыгышты.

“Караңгы кирип кеткендиктен 10 метр тереңдикте жаткан кыздын жансыз денесин издөө иштеринде бир аз кыйынчылык болду”,-дешет куткаруучулар.

Жээкте отургандар кыздын сууга түшуп жаткандыгын көрүшкөн. Бир аздан кийин доголуп кеткенин байкашып, дароо чуу көтөрүшкөн. Азыр маркумдун жакындары табыла элек.

Маалымат булагы: turmush.kg

Количество просмотров: 43