Бишкекте белгисиз жаран курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан секирип кетти. Окуя Байтик-Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Куткаруучулар саат 12:00дөн баштап өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жигитти түшүрүү аракетин кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес, ал саат 17:00гө секирип кеткен. Аны тез жардам кызматынын дарыгерлери жана куткаруучулар алып кетишкен. Учурда анын абалы тууралуу маалымат жок.