• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков жол салган компаниянын өкүлдөрү менен жолукту

9 Кулжа 2018 12:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.06.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдагы мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кытайлык жол салган компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, жолугушууга «Кытай темир жол куруу корпорациясы» жана «China Railway Group Co.Ltd» компаниясынын өкүлдөрү катышкан.

Анда транспорт тармагындагы кызматташуу маселеси талкууланып, кытайлык компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкчылыгы бар экенин билдирген.

Жол куруу тармагында Кыргызстанда бир нече кытайлык компания иш алып барат. Буга чейин Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Балыкчы-Корумду жолу сыяктуу кан жолдорду курууну аталган өлкөнүн компаниялары ишке ашырган.

Количество просмотров: 7