Кыргызстандык спортчу Маслова алтын медалга ээ болду
25 Баш оона 201822:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.08.2018. Govori.TV
Жөө күлүк Дарья Маслова жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап өтүп биринчи болуп маарага келди.
Экинчи орунду брунейлик спортчу Чумба Юнис алса, үчүнчүгө кытайлык Чжан Дешунь татыды.
Ушуну менен спортчу улуттук курама команданын капчыгына экинчи алтын медалды камсыздап жатат.
Кечээ жиу-житсу боюнча Төрөхан Багынбай уулу алтын медалга татыктуу болгон.
Учурда Кыргызстандын байге куржунундагы медалдардын саны 11ге жетти. Алардын ичинде 2 алтын, 4 күмүш жана 5 коло медалы бар.
Подписаться:
Количество просмотров: 125