• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

ЖЭБ боюнча айыпталып жаткан аткаминерлер (тизме)

21 Үчтүн айы 2019 19:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV.

ЖЭБдеги кырдаал боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын ошол кездеги жетекчилери, мурдагы премьер-министрлер, ЖК депутаты болуп жалпысынан 14 адамга кылмыш иши козголуп, 11 камакка алынгын.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго карата тергөө ишинин негизинде “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Исаков 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылууда.

Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат, анын ишин тергөө 17-декабрда аяктаган. Сот Кулматовду 31-январга чейин камакта калтырган.

Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана парламент депутаты, мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен расмий айып угузулуп, тергөө аяктады. Азыр адвокаттар иштин материалдары менен таанышууда.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясынын ошол кездеги төрагасы Айбек Калиев жана анын орун басары Нурлан Садыков, Жалал-Абаддын мэри, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов, “Электр станциялары” ишканасынын ошол кездеги директору Узак Кыдырбаев жана анын орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станциялары” ишканасынын техникалык директору Алмазбек Жусупбеков, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да камакка алынышып, алардын иштери боюнча соттук териштирүү жүрүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 25