Бүгүн, 6-сентябрда Бишкектеги Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) тактап айтканда, №7 турбиналык участкасында өндүрүштүк кырсык орун алып, эки киши жабыркады. Бул тууралуу “Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш үстүндө 2 электрик анча оор эмес күйүк алган.
«Жабыркаган электриктер Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жеткирилди. Учурда алардын абалдары канааттандырарлык. Жарылган түтүк оңдолду, бул абал электр энергиясын өндүрүүгө таасирин тийгизбейт», — деп айтылат маалыматта.