• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков: Чокморов жалпы журтубузга сыймык тартуулаган эмгектерди жаратты

15 Жетинин айы 2019 13:41 Бишкек Govori.TV

Сүймөнкул Чокморов жалпы журтубузга сыймык тартуулаган эмгектерди жаратты. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан залкар сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, Сүймөнкул катышкан кинофильмдер — элибиздин кары-жашына, улуу-кичүүсүнө карабай, бардык көрүүчүлөргө жаккан, сүйүктүү чыгармаларга айланды.

»Караш-караш окуясы», «Жамийла», «Өзгөчө кырдаалдагы комиссар», «Уркуя», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Жетинчи ок», «Мен Тянь-Шань», «Көк серек», «Дерсу Узала», Кызыл алма», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан» сыяктуу фильмдер — кыргыз киносунун кереметин, анын алтын доорун түзгөн кинокартиналар болуп калды.

Тартылган фильмдеринде мыкты образ гана жаратпастан, элибиздин чыныгы улуттук жүзүн, улуттук мүнөзүн, улуттук айкөлдүгү менен каармандыгын көрсөттү.

»Кыргыз өңү — Чокморовдун өңүндөй» болуп дүйнөгө тарады, ал кыргыздын руханий символуна айланды, элибиздин нукура сүймөнчүгү болду», — деди президент.

Сүймөнкул менен мекендеш болгонуна ар бир кыргыз сыймыктанды, — деп кошумчалаган мамлекет башчысы, Ага Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү деген наамдар ыйгарылгандыгын кошумчалады.

«Чокморовдун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты эл аралык аренада 5 жолу жеңип алган жалгыз актер болду. Анын талантын Акиро Куросава менен катар, россиялык, япониялык, европалык, америкалык киноишмерлер абдан жогору баалаганын билесиздер. Ошентсе да, эң жогорку бааны — өзүнүн улуу замандашы, пикирлеши Чыңгыз Айтматовдун «Сүймөнкулдун кош канат таланты — сүрөтчүлүгү менен киноактёрлугу жалаң гана кыргыз искусствосуна эмес, жалпы дүйнөлүк маданиятка таандык» деген сөздөрүнөн тапсак болот. Сүймөнкул агабыздын кыргыз маданиятына кошкон салымы кино искусствосу менен гана чектелбейт. Ал таланттуу сүрөтчү, кыл калемдин мастери катары да мыкты эмгектерди жаратты», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 50