• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков Орусиянын коргоо министрин “Достук” ордени менен сыйланды

22 Бирдин айы 2020 15:13 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстан менен Орусиянын аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин сайтты жазды.

Президент Жээнбеков Орусияны Кыргызстандын негизги өнөктөшү катары белгилеп келет.

Буга чейин орус президенти Владимир Путиндин 2019-жылы Кыргызстанда өткөн мамлекеттик сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылган. Кыргызстанда Орусиянын төрт аскер объектиси жайгашкан. Алардын эң ириси — Канттагы авиабаза.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 8-январда президенттик аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөргөн жыйналышта кыргыз бийлигинин 2020-жылдагы биринчи кезектеги милдеттеринин катарында Кыргызстан менен Орусиянын өнөкөштүгүнө жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган иштер турганын билдирген.

Количество просмотров: 126