• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолукту

11 Тогуздун айы 2019 13:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Ашхабад шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын алкагында Түркмөнстандын президенти менен жолугушту.

Кыргызстан жана Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду КМШдагы төрагалыгынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну активдештирүү боюнча жакынкы мезгил аралыгына биргелешкен пландарды белгилешти жана буга даярдыгын билдиришти.  

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Количество просмотров: 89