• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жээнбеков Трампты АКШ Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

4 Теке 2019 16:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.07.2019.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Джон Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан да тыгыз өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп саналат деп ишенем. Өз тарабымдан Кыргызстан АКШ менен болгон кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү үчүн мындан ары да бардык күч-аракетин жумшайт деп ишендирип кетким келет. Учурдан пайдаланып, Сизге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Америка элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп белгиленген Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.

Количество просмотров: 27