• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жээнбеков УКМКда суракка киргенин билдирди

8 Чын куран 202115:27 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбеков 8-апрелде Улуттук коопсуздук комитетине суракка киргенин билдирди.

Ал «Фейсбуктагы» баракчасына учурда суракта отурганын, өзүнө жакындары аркылуу басым-кысым болуп жатканын жазды.

«Бул — ойдон чыгарылган саясий иш», — деп билдирүү калтырган Равшан Жээнбеков кайсы ишке байланыштуу суракка чакырылганын кабарлаган жок.

Бүгүн эртең менен өзүнүн жана карындашынын үйүнө атайын кызматтын өкүлдөрү келип, тинтүү жүргүзгөнүн маалымдады.

Количество просмотров: 107