Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн даттанууларды териштирүү комиссиясы саясатчы Равшан Жээнбековдун арызын карап, чечим чыгарды.
Комиссиядан 4-октябрда маалымдашкандай, “Stanradar”, «Белый Парус», «Дело №», «Вечерний Бишкек» басылмаларында чыккан окшош макалалардын баарында кыргызстандык журналисттердин Этика кодексинин №8, 9, 10, 17, 19-беренелери бузулган.
“Stanradar”, «Белый Парус», «Вечерний Бишкек» басылмаларына бул боюнча эскертүү берилди.
«Вечерний Бишкек» гезити Равшан Жээнбековдун комментарийи камтылган макала чыгарууга макул болду.
«Дело №» гезити кесиптик этика нормаларын такай бузуп келгени белгиленип, басылмага атайын кайрылуу жасалды.
Равшан Жээнбековдун айтымында, август айында аталган басылмалар биринин артынан бири «Равшан Жээнбеков АКШнын атайын кызматына иштейт», «Мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат» деген өңүттөгү бир тараптуу макалаларды чыгарган.
Жээнбеков «Русская весна» басылмасынын үстүнөн да даттанган. Бирок Орусияга таандык бул медиага комиссияга кайрылган жок.
Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет.