• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнчороев: Бизде техникалык премьер -министр деген кызмат жок

16 Кулжа 2020 17:59 Бишкек Govori.TV


Мындай пикирди «Республика» фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди.

«Баш мыйзамды сыйлашыбыз керек. Бизде техникалык премьер-министр деген кызмат жок. Өкмөт башчы өзүнүн ой-пикирин, эмне менен өзгөчөлөнөт баардыгын айтышы керек. Ансыз деле парламент ар кандай абройго ээ болуп турат. Чабалдыкты алып кетпей өзгөртүшүбүз керек»,-деди Жээнчороев.


Мындан тышкары, Жээнчороев канча министр парламенттик шайлоого аттана турганын сурады.

«Өкмөт мүчөлөрү шайлоого аттанбайт деп кепилдик бересизби? Ушул курам менен аягына чейин 6 ай иштейсиңерби?», — деп сурады депутат.

Премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов өкмөттүн жыйынында бул маселе талкууланган.

«Бардык өкмөт мүчөлөрүнө ким шайлоого баруу планы болсо азыртадан айтуу тапшырмасы берилген. 15 күндөн ашык убакыт өттү. Бир дагы өкмөт мүчөсү шайлоого аттанам деп айткан жок. Жыйынтык чыгарабыз, баарыбыз аягына чейин иштейбиз», — деди Боронов.

Количество просмотров: 220