• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жеке менчикке өтүп кеткен стадиондун жери мамлекетке кайтарылды

2 Чын куран 2024 17:18 Бишкек Govori.TV

Араванда жеке менчикке өтүп кеткен стадиондун жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул жер 2001-жылы Араван айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши тарабынан КР президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы “Юридикалык же жеке жактарга социалдык инфраструктура объекттерин менчиктин жеке же башка түрлөрүнө өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө» жарлыгын бузуу менен жеке жактарга берилип кеткен.

Жердин жалпы аянты 0,46 гектарды түзөт, базар баасы 307 млн 135 миң 118 сомду түзөт.

Количество просмотров: 117