• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жети-Өгүздө боксёрдук груша менен машыгып жаткан 12 жашар бала каза болду

21 Тогуздун айы 202117:20 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 12 жашар бала боксёрдук груша менен машыгып жатып, жибине асылып каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 20-октябрда Кабак айылында болгон. Анда 12 жаштагы бала сарайда колго жасалган грушаны ургулап ойноп жатып, кокусунан жипке асылып калган.

Баланы биринчи апасы көрүп калган. Текшерүү иштеринде бул кокустан болгон окуя экенин, ал эми баланын киши колдуу болгонун көрсөткөн белгилер байкалган эместиги аныкталган.

Количество просмотров: 17118