• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жети-Өгүздө УКМКнын жаңы имараты ачылды

14 Баш оона 2023 17:06 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган. Имаратты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге ошондой эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Э. Бахавадинов, башкармалыктын өздүк курамы, жана ошондой эле аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, КР УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө берерин белгиледи.

Ошондой эле, КР УКМК төрагасы актуалдуулугун эске алуу менен, коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча чараларды ишке ашырууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, президент тарабынан коюлган Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга жана мыйзамдуулукту бекемдөөгө багытталган милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын билдирди.

Количество просмотров: 90