• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президентин куттуктады

30 Жетинин айы 2018 16:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.11.2018. Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. “Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары да экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берерине терең ишенем”, — деп жазылат куттуктоо телеграммасында.
Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат деген тилегин да айткан.
28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында “Грузин кыялы” партиясы колдогон талапкер, 66 жаштагы Саломе Зурабишвили 59,5% менен жеңишке жеткен. Грузиянын тарыхында биринчи жолу аял киши бийлик башына шайланды.
Количество просмотров: 26