• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков: Курултай өткөрүү тартиби мыйзам менен аныкталышы керек

21 Бештин айы 2018 11:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.12.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен жөнгө салынышы керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып айтты:

«Курултай деген өзү, мааниси боюнча — бүгүнкү Жогорку Кеңеш. Ошол эле убакта, Конституцияга ылайык, жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Башкы мыйзамыбыздын 52-беренесине ылайык, элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталышы керек. Тиешелүү мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына элек. Ошондуктан курултай жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарыл»,-деди Жээнбеков.

Президент мындай мыйзамдын долбоорун даярдоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумуш тобун түзүү туура болоорун айтты. Бул маселени терең ойлонуп, бардык механизмдерин мыйзам аркылуу тактап, олуттуу бир чечим кабыл алуу керек экенин белгиледи.

2017-жылдын апрелинде Бишкекте өздөрүн «Улуттук мекенчил күчтөр» деп атаган топ жыйынга чогулуп, “Туруктуу элдик кеңеш” уюмун түзгөн. Анын жетекчиси болуп коомдук ишмер Азимбек Бекназаров дайындалган. Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүүгө аракет кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Быйыл 24-ноябрда Бишкекте курултай өтүп, анын соңунда жаңы Конституцияны кабыл алуу, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, паспорттогу “улуту” деген графаны кайра жазуу талабы сындуу сунуштар айтылган

Теги:
Количество просмотров: 20