• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков: Санариптүү келечек аркылуу бюрократия, коррупцияны жоюп, ачык коомду түзөбүз

14 Бештин айы 2018 15:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.12.2018.Govori.TV.
Санариптүү келечек аркылуу бюрократия, коррупцияны жоюп, ачык коомду түзөбүз. Бул боюнча Сооронбай Жээнбеков бүгүн Коопсуздук кеңештин жыйынында айтты.

Өлкө башчысы мамлекеттик органдардын башкы максаты — элге кызмат көрсөтүү экендигин белгилеп өттү.

«Биз «Түндүк» жана башка тутумдарды ишке киргизип жатабыз. Санариптүү келечек аркылуу бюрократия, коррупцияны жоюп, ачык коомду түзөбүз. Бирок, ага тоскоол болгон жагдайлар бар. Айрым мамлекеттик кызматкерлер дагы эле алардын бакшы максаты сапаттуу тейлөө экенин түшүнүшпөйт. Региондордо кээ бир жетекчилер кабинетин жаап, тойго кетип калат. Ушундайлар дагы бар», — деди президент.

Количество просмотров: 14