Бишкек. 31.05.2018. Govori.TV
Биздин жардамчыбыз эле бар. Министрди 10 киши жандап жүрөт. Бийликтин көйнөгү алмашат, элдин көйгөйү эч алмашпайт. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтты.
«Аппараттагы компьютерден башканы билбеген, костюм-шым кийип, бут кийимин жылтыратып жүргөндөрдү кыскартпайсыңарбы? Силер Атамбаев менен Исаковдун кадрлары менен күрөшүп жатасыңар”, — деди Момбеков.