• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖК Республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды

22 Бештин айы 2022 17:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023–2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр, мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.

Аталган маселелер боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Адылбек Касымалиев жана Бакыт Төрөбаев баштаган жетекчилер маалымат беришти.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин алкагындагы социалдык объектилердин курулушун каржылоо маселесине өзгөчө көңүл буруп: «Биринчи кезекте аймактардагы социалдык объектилерди, тактап айтканда Ош облусундагы бүтпөй жаткан курулуштарды бүтүрүү керек», — деди.

Ушундай эле пикирди айткан депутат Арсланбек Малиев Ысык-Көл облусунда да мектеп имараттарынын курулушу бүтпөй жатканын белгилеп, республиканын экономикасынын азыркы абалына жана экономикалык чөйрөдөгү маселелерге токтолду.

Депутат Нурбек Алимбеков жолдорду куруу жана реконструкциялоого пландалган каражаттар боюнча маселелени көтөрсө, депутат Жанарбек Акаев «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатуу, Бишкек жана Ош шаарларындагы аэропортторду модернизациялоо жаатындагы аракеттерге байланыштуу суроо узатты. Өз кезегинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатуу маселеси каралып жатканын маалымдады.

Депутат Өмүрбек Бакиров республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө, тартыштыгына байланыштуу суроолорду берип, органдарды алмаштырууга муктаж жарандарга мамлекеттик колдоо жана жардам көрсөтүү керектигин билдирди.

Каржы министри Алмаз Бакетаев 2023-жылы мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 322 млрд 766 млн сом, же ички дүң продукциянын 34,8% өлчөмүндө каралып жатканына токтолду. Ал эми 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 млр 29 млн сом экенин кошумчалап, бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөөрүн белгиледи.

Количество просмотров: 126