• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

“ЖМК жөнүндө” мыйзамды ЖКнын дагы бир комитети караган жок

16 Үчтүн айы 2024 11:10 Бишкек Govori.TV

16-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун караган жок.

Жыйында депутат Улугбек Ормонов бул маанилүү документ экенин айтып отурумга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен ички иштер министри өздөрү келип, суроолорго жооп бериши керектигин билдирди. Сунуш добушка коюлуп колдоо тапты.

Эске салсак, “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган.

Количество просмотров: 54