Жо Байден Америка элине Ак үйдүн мурдагы башчысы жана Республикалык партиядан президенттикке талапкер Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу кайрылуу жасады. Президент Овал кабинетинде жазган билдирүүсүндө ал америкалыктарды саясаттагы зомбулуктан баш тартууга чакырды.
АКШ президенти Жо Байден жана Дональд Трамп Пенсильваниядагы окуядан кийин өлкөнү биримдикке үндөштү. 14-июлдун кечинде жалпы америкалыктарга жолдогон теле кайрылуусунда Байден Трампка кол салууну айыптап, саясатта зомбулук болбошу керектигин белгиледи.»Биз саясатыбыздагы градусту төмөндөтүшүбүз керек . Мындай зомбулук норма болуп калышына жол бербөө зарыл. Биздин өлкөдө саясий риториканын курчушу өтө жогорулап кеткен. Аны төмөндөтүүгө мезгил келди. Муну ишке ашыруу – баарыбыздын жоопкерчилигибиз», – деди Байден. Ошондой эле саясат «тынч талкуунун аренасы» болушу керектигин, саясий күрөш “эч качан чыныгы согуш талаасына айланбашы керек. Кандай гана пикир келишпестик болбосун, баары добуш берүү жолу менен чечилиши керек» деди.