• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеӊеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун 3 окууда кабыл алды

28 Жетинин айы 2019 22:28 Бишкек Govori.TV

28-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, жыйынтыгында мыйзам долбоорлору 3 окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

“Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 27,5 пайыз деңгээлинде болжолдонот. 2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 млрд 710 млн сом көлөмүндө же ички дүң өнүмдүн 24,5 пайызына каралат. 2020-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 173 млрд 663 млн сом деңгээлинде белгиленген (ички дүң өнүмдүн 26 пайызы). Ал эми 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 9 млрд 953 млн сом өлчөмүндө каржылоо булактары каралган: ички булактар боюнча 3 млрд 106 млн сом өлчөмүндө оң сальдо жана тышкы булактар боюнча 6 млрд 847 млн сом өлчөмүндө оң сальдо.

Жыйын «суроо-жооп» иретинде өтүп, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон Өкмөт мүчөлөрү жооп беришти. Талкуу жүрүшүндө депутаттар өлкө экономикасынын салык жана бажы тармактарына кошумча киреше булактарын табуу, коррупциялык күңүрт схемаларды жоюу боюнча талапты кыйла күчөтүү, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу аракеттерин жандандыруу, айрыкча орто жана чакан бизнес чөйрөсүндө орун алган салыктык жашыруу жосундарына көзөмөлдү күчөтүү, экономикалык кышмыштардын алдын алуу чараларын иштеп чыгуу, бюджеттик каражатты өз багытында сарамжалдуу пайдаланууну арттыруу зарылдыгын белгилешти.

Мындан сырткары, жыйын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, кабыл алынды.

Количество просмотров: 67