• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны эмес

21 Бештин айы 201822:59 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жарандыгынан ажыратылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Асылбек уулу Кыргыз өлкөсүнүн жараны болуп саналат. Коңшу өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, кош жарандыгы барлар Казакстандын жарандыгынан автоматтык түрдө ажыратылат.

«Ошондуктан учурда Дамирбек Асылбек уулун Кыргыз жараны катары соттоп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2018 жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Кармалгандардын арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтышкан.

Теги:
Количество просмотров: 90