• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин төрагасы Мамытов № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди

11 Чын куран 202114:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана  Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга добуш берди.

Маалыматка ылайык, Мамытов Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты.

Белгилей кетсек, бүгүн өлкөнүн 448 жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо, анын ичинде 420 айылдык кеңеш жана 28 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Количество просмотров: 86