Бишкек. 16.01.2018. Govori.TV
Жогорку Кеӊеште “Инвестициялык фонддордун маселелери боюнча КР мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” бириктирилген мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу жана Өкмөт.
Мыйзам долбоору аркылуу колдонулуп жаткан инвестициялык фонддордун түрлөрүнө төмөнкүдөй толуктоо киргизилет: квалификациялуу инвесторлор үчүн түзулгөн акционердик инвестициялык фонд; жабык үлуштүк инвестициялык фонд.
Ошондой эле, баалуу кагаздарды чыгаруу жана аларды ачык жайгаштыруу аркылуу акча каражаттарын тартуу максатында инвестициялык фонддор түзүлөт. Андан тышкары, мыйзам долбоору менен баалуу кагаздарды ачык жайгаштырууну “жекече сунуш” менен толуктоо сунуш кылынат, ушинтип инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарын эмиссия кылуунун ыкмалары кеңейтилет.