Жогорку сот жер-жерлердеги район аралык соттордун жоюлушу тууралуу түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, район аралык соттор административдик сот болуп кайра түзүлөт. Административдик соттордун судьялары жакын арада президент тарабынан бекителет.
Буга чейин укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата административдик арызы боюнча 11-майга белгиленген жараян болбой калган. Ишти карай турган судья Чолпон Досмамбетова жарлык тууралуу өзү да бүгүн жумушка келгенден кийин билгенин айткан.