• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Сотто бир тууган Жээнбековдорго карата даттануу иши каралды

12 Үчтүн айы 2021 12:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-январда Жогорку Сотто Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровдун мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана анын иниси Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго каршы моралдык зыян келтирүү боюнча өкүмүнө даттануусу каралды. Отурумду маалымат каражаттары түз эфирде чагылдырды.

Сотто Абдылда Капаровдун кызыкчылыгын жактоочу Майрамбек Жумабеков, экс-президенттин жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кызыкчылыгын адвокат Жыргалбек Бабаев коргоду. Бирок күбө катары чакырылган ага-ини Жээнбековдор сот отурумуна келген эмес.

Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан сот Абдилат Капаровдун адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартышып, мурунку өкүмдөрдүн бардыгын күчүндө калтырышкан.

Эске сала кетсек, Жогорку Соттун соттук коллегиясы Ош ОИИБинин мурдагы жектекчиси Абдылда Капаровго байланыштуу материалдын ишин 2020-жылдын 16-декабрында карап баштаган. Анда мурдагы өлкө башчы Сооробай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков жабырлануучу катары чакырылганы маалымдалган.

2010-жылы Капаров ал кездеги Ош облустук администрациясын жетектеп турган Сооронбай Жээнбековду 3 миллион долларды өзүнө ыйгарып алды деген маалыматы үчүн жоопкерчиликке тартылган. Анда Капаровго карата «Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо», «Этностор аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Количество просмотров: 2245