• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку соттун Конституциялык палатасына судья болгон Кырккелди Кыдырбаев ант берди

18 Бештин айы 201910:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Анын жүрүшүндө Жогорку соттун Конституциялык палатасына судья болгон Кырккелди Кыдырбаев ант берди.

Анын талапкерлигин 55 депутат колдосо, 2 депутат каршы болду.

«Мен Кыдырбаев Кырккелди Жумаевич Кыргыз Республикасынын судьясы кызматына киришип жатып, өз ата мекеним жана элимдин алдында сот адилеттигин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарына ылайык так, ак ниет, калыс жана адилеттүү жүзөгө ашырууга, судьянын ар-намыс кодексинин эрежелерин так сактоого ант берем», — деди ал.

Количество просмотров: 76