• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жогорку соттун төрайымы: Уялам. Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү

29 Үчтүн айы 2020 16:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева парламенттин жыйынында соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алды.

Жогорку Кеңеште бүгүн «Судьялардын статусу жөнүндө» КРдин Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын белгилешти.

«Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү. Биз аны мойнубузга алабыз. Кээ бир судьялар дагы кадыр-баркыбызды төмөндөтүп жатат. Мен өзүм деле уялам. Судьяларга кезиккенде «силердин беделиңерге карап менин кадырым көтөрүлөт. Өзүм жалгыз эч нерсе кыла албаймын» деп айтам. Урматтуу депутаттар, азыр сунушталган мыйзамды колдоп беришиңиздерди суранам. Биз «сот бийлиги» деген элдин ишенимин арттырууга, кадыр-баркыбызды көтөрүүгө аракет кылабыз», — деди Калиева.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны “былтыйып отурасыңар!” деп тилдеген. Буга коррупция менен кармалган Бишкектеги айдоочулук күбөлүк берүү жана автоунааларды каттоо бөлүмүнүн экс-жетекчиси Насыр Алмаматовдун абактан чыгып кеткени себеп болгон.

Количество просмотров: 4051